Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшү боюнча 29 балбаны Киевде күч сынашат
Бөлүшүү:
26-28-февралда Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын атактуу балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш өтөт. Мелдешке Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшү боюнча балбандары катышат. Бул тууралуу Спорттук күрөш боюнча федерациясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, эл аралык мелдеште жалпысынан 29 балбан Кыргызстандын атынан күч сынашат.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамы:
- 55 килограммда Абдуллаев Нурмухаммет;
- 60 килограммда Шаршенбеков Жоламан;
- 63 килограммда Сулайманов Калы;
- 67 килограммда Асикеев Марлен, Исмаилов Амантур;
- 77 килограммда Махмудов Акжол, Туголбаев Кайратбек;
- 82 килограммда Асыкеев Калидин;
- 87 килограммда Салидинов Азат;
- 97 килограммда Джузупбеков Узур, Махмудов Бексултан;
- 130 килограммда Ким Роман күч сынашат.
- Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын курамы:
- 57 килограммда Жолдошбеков Улукбек, Мырзаназар уулу Бекболот, Сманбеков Алмаз;
- 61 килограммда Хаджимуродов Икромжон;
- 65 килограммда Осмонов Алибек, Акматалиев Эрназар, Токтогул уулу Айбек;
- 70 килограммда Орозбеков Исламбек;
- 74 килограммда Догдурбек уулу Эламан, Будажапов Арсалан;
- 79 килограммда Изабеков Нарбек, Юсупов Саякбай;
- 86 килограммда Карыпбаев Нуртилек, Чыныбеков Мирлан;
- 92 килограммда Жамгырбек уулу Доолотбек;
- 97 килограммда Сулайманов Сымбат;
- 125 килограммда Лазарев Айаал Кыргызстандын намысын коргошот.
Добавить комментарий ×