Кыргызстандын футбол курама командасы жаңы рейтингтен 95-орунду ээледи

8 февраль 2019 09:59 1306 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын футбол курама командасы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 95-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын инстаграм баракчасына жарыяланды.

Анда ФИФАнын 7-февралда жарыялаган рейтингине ылайык, Кыргызстан 4 орунга ылдыйлап, 95-орунду алганы жазылган.

Рейтингди түзүүдө Кыргызстандын Азия Кубогуна даярдануу алдындагы жана мелдештеги оюндарынын жыйынтыгы эсепке алынган. Ал эми Кыргызстан жалпы 7 беттеш өткөргөн. Анын алтоо расмий болуп, тизме түзүүдө эсептелген. Ал оюндардын экөөсүндө Кыргызстан жеңсе, калган төрт оюнда жеңилип калган.

Азия Кубогунда Кыргызстан менен бир тайпада ойногон Кытай 4 орунга (72), Түштүк Корея 15 сапка (38) жогоруласа, Филиппин 7 сапка ылдый түшкөн (123). Ошондо Азия Кубогун жеңген Катар курамасы 38 орунга өйдө кетип, 55-орунду ээлеген.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-futbol-kurama-komandasy-95-orunga-zhajgashty



Добавить комментарий