Кыргызстандын эл аралык резерви бир айда 69,7 миллион долларга азайды

5 август 2021 10:04 717 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Июль айында Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 69,7 миллион долларга азайды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

2021-жылдын июль айынын жыйынтыгы менен резервдердин көлөмү 2 миллиард 655,37 миллион доллар болду.

Жыл башынан бери анын көлөмү 152,74 миллион долларга азайды.Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу анын саны 98,38 миллион долларга кыскарды.

Эскерте кетсек, Улуттук банк валюта рыногундагы кескин термелүүлөрдү жөнгө салыш үчүн резервдерди колдонот.2020-жылы Улуттук банк 29 интервенция жасап, 467 миллион 150 мин долларды саткан. Жыл башынан бери 5 жолу долларды сатыкка чыгарып, 208,2 миллион долларды короткон.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-el-aralyk-rezervi-bir-ajda-697-million-dollarga-azajdy



Добавить комментарий