Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы калыбына келет

20 август 2021 12:34 2007 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Биз өлкөнүн экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлде калыбына келиши 2023-жылы гана болот деп прогноздойбуз”,-деп билдирди бүгүн Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөт башчыларынын жолугушуусунда президент Садыр Жапаров. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, 2021-жылга карата Кыргызстандын Ички дүң өндүрүмүнүн реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүктүн калыбына келиши менен 3,8 пайызды түзмөкчү. 2022-2023-жылдарда Ички дүң өндүрүмдүн өсүшү орточо алганда 4,4 пайыз болот.

Садыр Жапаровдун айтымында, бул прогноздорго медициналык эмдөөнү көбөйтүү аркылуу коронавирустун жаңы катталуусун азайтуу, саясий туруктуулукту кармап туруу, сооданын шарттары менен тышкы суроо-талабын жакшыртуу аркылуу жетүүгө болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ekonomikasy-2023-zhyly-kalybyna-kelet



Добавить комментарий