Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындалды

1 июня 2021 15:34 3028 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 11-апрелинде референдум менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" КРнын мыйзамынын 4-беренесине ылайык кол койду.

Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген.  Жогорку Кеңештин депутаты, ошондой эле 2020-жылдын 22-27-октябрында премьер-министр Садыр Жапаровдун коомдук башталышта кеңешчиси болгон.

2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министри, 2007-жылы Каржы министри болгон.

Эске сала кетсек, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-ekonomika-zhana-finansy-ministri-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий