Кыргызстандын дагы бир футболчусу карьерасын Индиянын чемпионатында улантат

13 январь 2023 10:35 739 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Эльдар Молдожунусов карьерасын Индия чемпионатында улантат. Бул тууралуу кыргыз футболдук союузунун маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын маалыматы боюнча, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасынын чабуулчусу Индиянын Gokulam Kerala клубуна өткөн. 

Молдожунусов өткөн сезонду «Нефтчиде» өткөрүп, командасы үчүн 14 гол киргизген. 

Gokulam Kerala клубу 15-январда ТРАУ менен ойнойт.    
  

Учурда, Индиянын Биринчи Лигасында Мирлан Мурзаев (“Мохамедан”), Айдар Мамбеталиев, Бектур Амангелдиев жана Атай Жумашев (“Раджастан Юнайтед”) дагы ойноп жатышат.   

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-dagy-bir-futbolchusu-karerasyn-indiyanyn-chempionatynda-ulantat



Добавить комментарий