Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалууда

9 октябрь 2019 12:59 1074 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат. Бүгүн 9-октябрда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алды. Бул тууралуу билим берүүнүн маалымат катчысы кабарлады.

Жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты.

Долбоордун негизинде Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. IFC эксперттери  алты ай аралыгында мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек.

Мектептердин курулушун IFC эл аралык каржылык корпорациясы толук кандуу каржылайт. Техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.

Кыргызстанда мектептердин жетишсиздиги кѳйгѳйлүү маселе.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-bishkek-zhana-osh-shaarlarynda-20-zhay-mektep-kuruu-plandaluuda



Добавить комментарий