Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген мал соё турчу 8 жай бар
Кыргызстанда 2 565 жеке ветеринар бар, ал эми мамлекеттик ветеринарларды кошондо 3766ны түзөт. Бул тууралуу ветеринардык инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде "Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2020-жылга карата кабыл алынган иш-пландары, тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө" маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
«Ушу тапта Кыргызстандын аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген 8 мал союла турган жай бар. Алар этти экспорттоого укук ала турган атайын реестрге киргизилген. Ал тизмеде жалпысынан эт, сүт, бал, балык өнүмдөрүн чыгарган 114 ишкана катталган. Жеке ветеринарлар менен келишим түзүлгөн. Аларды жумуш менен камсыз кылдык десек да болот. Жеке ветеринарлардын ар биринин өзү кызмат көрсөтө турган аймагы бар», - деди Жумаканов
Добавить комментарий ×