Бажычылар мыйзамсыз ташылып келаткан жыйырмадай унааны колго түшүрдү

29 январь 2019 17:49 1396 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз бажысы өлкө аймагына автоунааларды жана чиркегичтерди мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча  Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, КРнын аймагына “Вольво”, “Даф”, “Ман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 16 автоунааны, 13 чиркегич, 2 “Хундай Портер” үлгүсүндөгү жана 1 “Мерседес – Бенц- Вито” үлгүсүндөгү автоунаа каражаттарын бажы мыйзамын бузуу менен киргизилгени аныкталды.

Бул фактылар боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында жогорудагы автотранспорт каражаттары жасалма документтер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде алгачкы каттоого катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фатылар боюнча бажыга төлөнүүчү төлөмдүн (зыяндын) жалпы суммасы 19 154 991 сомду түзөт.

Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajmagyna-avtounaalardy-zhana-chirkegichterdi-myjzamsyz-tashyp-kel-faktysynyn-beti-achyldy



Добавить комментарий