Кыргызстандын 4-5-6-миллион жараны болуп кимдер төрөлгөнүн билесизби?

7 февраль 2020 18:15 870 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын калкы учурда 6 миллиондон ашты. Ошентсе да өлкөдө 4чу миллион, 5-миллион жана 6-миллион болуп төрөлгөн кишилердин аттарын билесизби? Эгер алар кимдер болду экен деп кызыгып жатсаңыз төмөнкү маалыматты окуңуз.

Каныкей Кайыпова Кыргызстандын 4-миллион болгон жараны. Ал 27-майда 1985-жылы туулган. Ал эми 5-миллион болуп жарык дүйнөгө келген Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылы 27-августта төрөлгөн.

Кыргызстандын калкы 2015-жылы 25-ноябрда 6 миллионго жеткен. Дал ушул 6-миллион болуп Айлин Кожошева жарык дүйнөгө келген.

Калктын так саны он жылда бир болчу эл каттоодо так билинет. Быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча эл каттоо өтөт. Ошондо Кыргызстандын эли канча миллионго жеткени так белгилүү болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-4-5-6-million-zharany-bolup-kimder-trlgnn-bilesizbi



Добавить комментарий