Кыргызстандын 17 калысы ФИФАнын калыстарынын тизмесине кирди (аты-жөнү)

20 январь 2021 17:40 1766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандан 17 футбол калысы ФИФАнын 2021-жылдагы калыстарынын тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

17 Кыргызстандык калыстардын ичинене үч калыс алгачкы жолу 2021-жылкы ФИФАнын калыстар тизмесине кирди.

Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу аталган тизмеге биринчи жолу киришти. 2021-жылкы ФИФАнын тизмесинде Кыргызстандын атынан жалпы 17 калыс кирди анын ичинен алтоо калыс, сегизи калыстын жардамчылары жана үчөө футзал калысы.

Футбол боюнча калыстар:

Дайырбек Абдылдаев

Нурзат Аскат уулу

Денис Шалаев

Медербек Тайчиев

Зайниддин Алимов

Вероника Бернацкая

Футбол боюнча калыстын жардамчылары:

Сергей Грищенко

Исмаил Талипжанов

Замир Чыныбеков

Элдияр Салыбаев

Рамина Цой

Артем Скопинцев

Хусан Джалалдинов

Канат Мырсабеков

Футзал боюнча калыстар:

Нурдин Букуев

Чынгыз Мустафаев

Элдияр Келдибеков

Тизменин ичинен Дайырбек Абдылдаев, Вероника Бернацкая, Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев жана Рамина Цой Азия футбол конфедерациясынын элиталык калыстар тизмесине киришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-17-kalysy-fifanyn-kalystarynyn-tizmesine-kirdi-aty-zhn



Добавить комментарий