Кыргызстандыктарга виза берүүдөгү чектөө: тышкы иштер министри АКШ элчисин чакырды
Кыргызстандын жарандарына виза берүүдөгү чектөөнү АКШнын укук коргоо органдары киргизген. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Буга чейин ЖМКлар АКШ Африкадагы жана Орто Азиядагы бир катар мамлекеттердин жарандарына виза берүүдө чектөө киргизилиши ыктымалдыгын жазып чыгышкан. Алардын катарында Кыргызстан дагы бар болчу.
Айдарбековдун айтымында, 22-январда Тышкы иштер министрлигине АКШнын элчиси Дональд Лу чакырылып, чектөө киргизүү боюнча маселе тууралуу сүйлөшүшкөн.
Өз кезегинде министр элчи чектөө киргизүү боюнча маалыматты тастыктабаганын, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтканын билдирди.
Виза маселесин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев дагы көтөрүп, мындай кадам Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтире турганын айткан.
Добавить комментарий ×