Кыргызстандыктар Түркияда зилзаладан жабыркагандар үчүн 27 млнго жакын акча каражат которушту

16 февраль 2023 16:29 1231 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз жарандары тарабынан Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга 26 млн 300 миң 937 сом жана 13 млн 550 рубль топтолду. Бул тууралуу каржы министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн, 16-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке кыргызстандыктар 26 млн 300 миң 937 сом жана 13 млн 550 рубль топтоду. 

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн каржы министрлигинин борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,


Эсеп № 1350102119900169 «КР каржы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-trkiyada-zilzaladan-zhabyrkagandar-chn-27-mlngo-zhakyn-akcha-karazhat-kotorushtu



Добавить комментарий