Кыргызстандык жаран Казакстанда 40 килограмм героин менен кармалды

28 май 2021 14:54 2651 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын чек арачылары кызматтык иттин жардамы менен казак-орус чек арасында өзгөчө ири көлөмдөгү героин менен жүргөн кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

"Батыш Казакстан облусундагы Сырым автоунаа өткөрүү пунктунда Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан Renault Magnum автоунаасында Леди аттуу кызматтык ит менен текшерүү жүргөн. Анда, арткы дөңгөлөктөрүнө катылган, жыты бар ак боз зат салынган таңгактар табылган. Жалпы салмагы 135 килограмм 493 грамм 52 миллиграмм.

Кармалган адам, андан аркы процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн БКО боюнча УКМК департаментине өткөрүлүп берилди.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган зат 39 килограмм 341 грамм 77 миллиграмм героин жана 96 килограмм 151 грамм 75 миллиграмм гашиш экени аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-zharan-kazakstanda-40-kilogramm-geroin-menen-karmaldy



Добавить комментарий