Кыргызстандык велоспортчулар Казакстандан байгелүү кайтышты

13 июнь 2022 11:57 6868 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы велоспортчулары Казакстандагы мелдештен ийгиликтүү кайтышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Казакстандын Тараз шаарында тоо-велосипед боюнча республикалык веложарышы эркектер, аялдар, өспүрүмдөр арасында өттү.

"Биздин өлкөнүн атынан бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 7 велоспортчусу катышты.

Жыйынтыгында, Шереметова Елизавета 2-орун, Чалова Алимина 3-орунга ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

Жарышты Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Спорт жана дене тарбия боюнча комитети, «Казакстан Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети» коомдук уюмунун Спорт дирекциясы, «Казакстан Велоспорт федерациясы» коомдук бирикмеси уюштурган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-velosportchular-kazakstandan-bajgel-kajtyshty



Добавить комментарий