Кыргызстандык режиссёр Асель Жураева Азербайжанда өткөн кинофестивалдан жогорку сыйлыкка татыды

16 октябрь 2023 17:55 1435 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык режиссёр Асель Жураева Эл аралык кинофестивалынан жогорку сыйлыктын ээси болду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, аталган фестиваль Азербайжан өлкөсүнүн Баку шаарында болгон.

“8-октябрдан 11-октябрга чейин Баку шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн III “Коркут Ата” Эл аралык кинофестивалында Асель Жураева "Теңирберди" тасмасы үчүн мыкты режиссёр сыйлыгына ээ болду’ -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-rezhissyor-asel-zhuraeva-azerbajzhanda-tkn-el-aralyk-kinofestivaldan-zhogorku-syjlykka-tatydy



Добавить комментарий