Кыргызстандык Рафаэль Физиевдин UFC'деги алгачкы беттеши Магомед Мустафаев менен болот
20-апрелде Санкт-Петербург шаарында кыргыз мушкери Рафаэль Физиев 30 жаштагы орусиялык мушкер Магомед Мустафаев менен беттешет. Бул тууралуу Физиев интернеттеги баракчасына жарыялады.
Физиевдин атаандашы Магомед Мустафаев 2016-жылдын ноябрь айында Кевин Лиге утулгандан кийин мелдештерге катышкан эмес.
Ал эми "Атаман" деген каймана атка конгон Рафаэль Физиев - тай боксунун IFMA түрү боюнча Азия жана Кыргызстандын бир нече жолку жана Аскер урушу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону. Ошондой эле 2009-жылы Таиландда өткөн тай боксу боюнча Дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 2010-жылы Орусияда өткөн континенттер аралык чемпионаттын жеңүүчүсү. Спротчу тууралуу маалыматтарга таянсак, профессионалдык рингде 6 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.
2018-жылы Физиев эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюм UFCнин тандоо туруна катыша турганын билдирип, бирок виза маселесине байланыштуу АКШга бара албай калган. 2019-жылы 9-февралда ал UFC менен келишим түзгөн.
Добавить комментарий ×