Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев ММА мелдешиндеги кезектеги беттешке чыгат
Кикбоксинг чебери Дастан Али Шаршеев Эрежесиз эр уруш (ММА) спорту боюнча кезектеги беттешин өткөрөт. Кыргыз мушкери Түркиянын Стамбул шаарында 22-декабрда өтүүчү “Warriors of Turan” аталышындагы мелдештин алкагында октагонго чыгат. Анын атаандашы Беларуссиялык Александер Михайлин болмокчу. Даярдык мыкты экенин Али Шаршеев “Barometr.kg” сайтына билдирди.
Дастан бул анын ММА мелдешиндеги экинчи беттеши экенин айтып, Стамбулдагы мектендештерди мелдешке келип күйөрмандык кылууга чакырат.
“Стамбулда Түрк элдеринин титандарынын кагылышы” аталышта ММА боюнча мелдеш болот. Мен Эрежесиз эр уруш мелдешиндеги экинчи беттешимди өткөрөм. Буюрса даярдык жакшы. Стамбулдагы мекендештер, келип күйөрмандык кылыңыздар”, - деди Дастан Али Шаршеев.
Ал эртең, 19-декабрда Түркияга учуп кетерин кошумчалайт.
Кыргыз мушкери Эрежесиз эр уруш (ММА) спортуна жакында эле өтүп, биринчи беттешин жеңиш менен баштаган.
Эске сала кетсек, Дастан Шаршеев Кикбоксинг спорту боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болуп саналат.
Өткөн жылы 25-февралда Бишкектеги Кожомкул спорт ордосунда кикбоксингдин К-1 түрү боюнча профессионалдар арасында “Мыктылардын мелдеши” өтүп, анда Дастан Шаршеев чемпиондук кур үчүн Орусиялык Алексей Додонов менен беттешип, 115 секундада атаандашын оодара согуп женишке жеткен.
Добавить комментарий ×