Кыргыз “Тайсону” Келдибеков Absolute Championship Akhmat уюмунун мыкты 10 мушкеринин катарына кирди

27 декабрь 2019 22:56 14128 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков ACA (Absolute Championship Akhmat) эл аралык мушкерлер уюмунун эң жеңил салмактагы мыкты мушкерлеринин алдыңкы ондугуна кирди.

Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.      

"Тайсон" каймана ат менен таанымал Канат Келдибеков бул тизмеде мыкты мушкерлердин тизмесинде 8 катарга жайгашты.

Бул салмактын чемпиону орусиялык Рустам Керимов тизменин сап башында.

Келдибеков октябрь айында эле аталган уюмдун Грозный шаарында (Чеченстан) өткөн мелдешинде орусиялык Дукваха Астамиров октагонго чыгып, аны жеңип алган.

Канат Келдибеков профессионалдык карьерасында 13 беттешти жеңип, 4 ирет жеңилген.

ACA (Absolute Championship Akhmat) эл аралык мушкерлер уюму рейтинг боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы бештикке кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tajsonu-keldibekov-absolute-championship-akhmat-uyumunun-mykty-10-mushkerinin-kataryna-kirdi



Добавить комментарий