"Колдоп туралы". Кыргызстандык Антонина Шевченко кезектеги беттешке чыгат
“Пантера” каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко менен атаандашы Андреа Линин көз караштар таймашы болуп өттү. Бул тууралуу UFC Russia уюмунун соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, алдыда боло турган UFC 262 мелдешинин көз караштар беттеши кече, 14-май күнү болгон. Анда, “Пантера” каймана аты менен мушташып келген кыргызстандык Антонина Шевченко менен “КГБ” каймана атуу америкалык Андреа Ли көз караштар беттешине чыгышкан.
Антонина Шевченко UFCнин жеңил салмактагы беш жолку чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.
Кыргызстандык мушкер айым Антонина Шевченко UFCде жеңил салмак категориясында мушташып келет.
Антонина Шевченко ушуну менен промоушендеги алтынчы беттешине чыгат. Кыргызстандык мушкер айым UFCде буга чейин, беш беттешке чыгып, үч жолу жеңишке жетип, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал акыркы беттешинде, 2020-жылдын ноябрь айында UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.
Ал эми, кыргызстандык мушкер айымдын алдыдагы атандашы Андреа Ли - мушкер, боксчу, кикбоксингде жана каратэде мыкты тажырыйбасы бар. Ал кийин ММА спортуна өтүп, 2018-жылдан бери UFC уюмунда мелдешип келет. Америкалык мушкер буга чейин алты беттеш өткөрүп, акыркы үч мелдешинде катары менен утулуп калган. Учурда, ал UFC менен келишимден айрылып калуу коркунучу алдында турат.
Эске сала кетсек, беттеш эртең, 16-май күнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-mushker-antonina-shevchenko-kz-karashtar-dueline-chykty
Добавить комментарий ×