Кыргызстандык футбол курама командасы Катар курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт
Бүгүн, 25-декабрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярдануу максатында Катар курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Анын алкагында курама команданын 3 жолдоштук беттеши пландалган. Буга чейин 20-декабрда Кыргыз курама командасы Иордания менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алса, бүгүн кыргыз футболчулары Катар курамасы менен ойноп, 31-декабрда Палестина курама командасы менен беттешет.
Эки тараптын келишими боюнча бүгүнкү беттеш жабык түрдө өтөт.
Азия Кубогу 2019-жылы 5-январынан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Анда С тайпалык баскычта Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен кездешет.
Добавить комментарий ×