Кыргызстандык эң жаш футболчу Гүлжигит Алыкулов Европа мелдешинде ойнойт
Кыргызстандын улуттук командасынын эң жаш оюнчусу, учурда Казакстандын "Кайрат" клубунун намысын коргоп жаткан Гүлжигит Алыкулов Европа кубокторуна ойногон үчүнчү кыргызстандык болду. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматынын таянып «Барометр» билдирет.
Буга чейин улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.
Эскерте кетсек, "Байматов 2009-жылы Латвиянын "Вентспилс" клубунун курамында, ал эми Мака Кум 2010-жылы Молдованын "Дачия" клубунун курамында Европа мелдештеринде ойногон", — деп айтылат маалыматта.
Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, "Кайрат" 27-августта Европа лигасы мелдешинин тандоо турунун алгачкы айлампасында Армениянын "Ноа" клубу менен кездешет.
Мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн Гүлжигиттин казакстандык клубу үч тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүүсү керек.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-e-zhash-futbolchu-glzhigit-alykulov-evropa-meldeshinde-ojnojt
Добавить комментарий ×