Кыргызстандык бийчилер Кремелди жаңырта бийлеп, 2-орунга ээ болду

13 июнь 2022 17:20 665 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык «Кыз-Жибек» бий ансамбли Кремелден байгелүү кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз бийчилери Орусияда өткөн фестивалга "Жалын бийин" тартуулап 2-орунга ээ болушкан. 

«Москвадагы жылдыздар» (Звезды над Москвой) аталышындагы бүткүл Россиялык конкурс-фестивалында Кыргыз Республикасынан Кемин районундагы «Кыз-Жибек» бий ансамбли 2-орунду багындырып калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн  мактоосуна татыды.

«Кыз-Жибек» бий ансамбли 12 бийчи кызды даярдап «Жалын бий» бийи менен катышкан. Бүгүн, 13-июнь Кремль ордосунда гала концертке да катышат", -деп айтылат маалымата.

Белгилей кетсек, аталган фестивалга 15ке жакын республикадан ,500гө жакын бий коллективдери ат салышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-bijchiler-kremeldi-zhayrta-bijlep-2-orunga-ee-boldu



Добавить комментарий