Кыргызстандык 400 мугалимдин кѳзүнѳ акысыз операция жасалат

4 октябрь 2019 14:28 1542 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо менен бекемдөө жана социалдык, жеке мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында, билим берүү министри Каныбек Исаков жана «Дордой офтальмик-сервис» көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов менен атайын келишимге кол коюшту.

«Өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерлерине көз катарактасын алдын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат. Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-400-mugalimdin-kzn-akysyz-operaciya-zhasalat



Добавить комментарий