Кыргызстандан кымбат баалуу зер буюмдарды алып бараткан айым кармалды

13 февраль 2019 11:16 1533 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери биргеликте “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залынан баалуу металлды мыйзамсыз ташып чыгууга аракет жасаган жаранды кармашты.

Бул тууралуу Бажы кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнөн билдирди.

Товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/ташып чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, “Манас” бажысынын КжБЭБККБнын кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 10.02.2019-жылы болжол менен саат 05:00 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залынан Бишкек-Дели багыты боюнча рейси менен уча турган А.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын текшерип кароо учурунда сары металлдан жасалган зер буюмдар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 471,90 грамм. Баасы канча экени айтыла элек.

Аныкталган факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн КРдин Транспорттук прокуратурасына тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-kymbat-baaluu-zer-buyumdardy-alyp-baratkan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий