УКМК: Журналист 84 миң сом пара алып жатып кармалды

23 февраль 2021 13:44 1247 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жергиликтүү маалымат агенттигинин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«УКМК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында 22-февралда 84 миң сом акча алып жаткан жеринен маалымат агенттиктеринин биринин директору М.У.К. кармалды.

Кармалган адам видеотасманы алып салуу үчүн көрсөтүлгөн акчаны талап кылгандыгы аныкталды, анда арыз ээси мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн Патрулдук милиция тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып жаткан учур тартылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

М.У.К. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-maalymat-agenttiktin-direktoru-84-mi-som-para-alyp-zhatyp-karmaldy



Добавить комментарий