Кыргызстандагы коронавирус: жаңы катталган 69 учур кайсы аймактардан табылды? Тизме

6 апрель 2020 10:34 1961 Barometr
Бөлүшүү:
ok

6-апрелге карата Кыргызстан боюнча 216 кишиден коронавирус жукканы тастыкталды. Анын ичинде бир суткада 69 жаңы учур катталганын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди. Бактыга жараша булардын бардыгы обсервацияга алынгандар.

Бир суткада жаңы аныкталган 69 учур кайсы жерлерден табылды:

Ноокат районунда 42

Кара-Суу районунда 3

Ош шаарында 2

Жалал-Абаддын Сузак районунда 13

Бишкек шаарында 5

Нарын шаарында 1

Каракол 1

Баткен 1

Чүй облусунун Кемин районунда 1.

Андан сырткары Кыргызстан боюнча коронавирустан каза болгондор 4 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-zhay-kattalgan-69-uchur-kajsy-ajmaktardan-tabyldy-tizme



Добавить комментарий