Кыргызстандагы коронавирус: маркумду жерге берүү зыйнатына бараткандар эмне кылышы керек

6 апрель 2020 18:44 3011 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланып, айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилип, карантин режими иштеп жаткандыктан жарандардын басып-турганына бир топ чектөөлөр киргизилди.

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тууганы же жакыны каза болуп, анын зыйнатына баргысы келгендер эмне кылышы керек деген суроолорду көп берип жатышат. Себеби, айрым учурда маркум башка райондо, же облуста болуп калышы ыктымал. Жарандардын күнүмдүк турмушунда кездешип жаткан мындай ыңгайсыздыкты жоюу жана чечүү үчүн эмне кылуу керектигин республикалык штаб билдирди.

Алар социалдык тармактарда эң көп берилип жаткан “Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби?” деген суроого жооп берди.

Ага ылайык, сөөк коюуга бара жаткан бир нече адамдарга жарактуу мөөнөтү чектелген убакытка гана өткөрмөлөр тоскоолдуксуз берилет. Же болбосо маршруттук баракча түзүлүп, анда келген жеринин дареги жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү көрсөтүлүшү керек.

Белгилей кетсек, республикалык штаб жарандарды өтө зарыл болгон учурда гана сыртка чыгуу керектигин эскертип жатат. Эгер сыртка чыга турган болсоңуз маршруттук баракчасын сөзсүз түрдө толтуруңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-markumdu-zherge-ber-zyjnatyna-baratkandar-emne-kylyshy-kerek



Добавить комментарий