Кыргызстандагы коронавирус: илдеттен дагы бир бейтап каза болуп, жалпы саны 11ге жетти
Бөлүшүү:
Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткан дагы бир бейтап 4-майда каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 69 жашта болчу. Анын эски өнөкөт дарттары курч мүнөздө болгон.
“Анда ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу,” - деди Үсөнбаев.
Ошентип Кыргызстан боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 11 кишиге жетти.
Добавить комментарий ×