Кыргызстандагы коронавирус: илдет жуккандардын саны 729га жетти
Бөлүшүү:
29-апрелге карата республика боюнча коронавирус инфекциясынын жаңы 21 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Ошентип Кыргызстан боюнча оору 729 кишиге жукканы тастыкталды.
Жаңы катталган 21 учур төмөнкү аймактарда табылды:
Бишкек ш. – 13
Ош облусу - 1
Нарын облусу - 6
Баткен облусу - 1.
Андан сырткары Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ildet-zhukkandardyn-sany-729ga-zhetti
Добавить комментарий ×