Кыргызстандагы коронавирус: илдет жуккандардын саны 1016га жетти
Бөлүшүү:
Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды. Ошентип Кыргызстан боюнча жалпы оору жуккандардын саны 1016га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында, жаңы катталган 14 учур төмөнкү аймактардан табылган.
Бишкек ш. – 6
Чүй облусу - 1
Ош облусу - 2
Баткен облусу - 1
Нарын облусу - 2
Ысык-Көл облусу - 2.
Ошол эле учурда, Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ildet-zhukkandardyn-sany-1016ga-zhetti
Добавить комментарий ×