Кыргызстандагы коронавирус: илдет жуккандар 10-майга карата 1002 кишини түздү
Бөлүшүү:
10-майга карата республика боюнча коронавирус илдетинин жаңы 71 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы аныкталган 71 учурдун күбө Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден табылган.
Бишкек ш. – 2
Чүй облусу - 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер
Жалал-Абад облусу - 5
Ош облусу - 3
Баткен облусу - 4
Нарын облусу - 1.
Ошентип оору жуккандардын жалпы саны 1002ге жетти. Ошол эле маалда республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ildet-zhukkandar-10-majga-karata-1002-kishini-tzd
Добавить комментарий ×