Кыргызстандагы коронавирус: илдет 746 бейтапка жукканы аныкталды

30 апрель 2020 10:06 2127 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуккан жаңы 17 учур аныкталып, жалпы 746 бейтапка жукканы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин КР Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Жаңы катталган 17 учур төмөнкү аймактарда табылды.

Бишкек ш. – 3
Ош ш. - 1
Ош облусу - 2
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу - 1.

Акматова андан сырткары 30-апрелге карата ооруканадан 25 бейтап айыгып чыкканын коушмчалады. Алар:
Бишкек ш. – 8
Ош ш. – 5
Ош облусу - 4
Жалал-Абад облусу - 1
Нарын облусу - 6
Ысык-Көл – 1.
Ошентип, республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ildet-746-bejtapka-zhukkany-anyktaldy



Добавить комментарий