Кыргызстандагы кийим тигүүчү цехтерде 300 миң жумуш орду түзүлгөн

3 апрель 2019 23:14 1277 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жумуш орундарын түзүү экономиканын негизги тирөөчү. Ошондуктан, Өкмөттүн бул багытты жакшыртуу боюнча саясаты, аны ишке ашыра турган программасы болушу керек”, - дейт ЖК депутаты, “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 3- апрелде “Парламент” радиосуна курган маегинде маалымдаганын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өнөр жай багытындагы жумуш орундарын түзүүчүлөргө пайызы аз, кала берсе үстөгү жок насыя берип, салыктан 4 – 5 жылга бошотуп, ишти илгерилетүүчү шарттар түзүлсө, экономиканын өсүшүнө гана жол ачылат. Мындай пикирин билдирген депутат, - “Өндүрүш ачууга бел байлаган ишкерлердин “жеңилин жерден, оорун колдон алып”, аларга инфраструктуралык жактан колдоо көрсөтүп, электр энергиясын тартып барып, суусун чыгарып, жолун салып берүүгө жардам берүү - мамлекеттин милдети”, - деп кошумчалады.

Депутат ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында кол өнөрчүлөрдүн көркөм буюмдарын көп сатып аларын, ал гана эмес гардероб жаңыртууда ишке кийчүү көйнөктөрүн жергиликтүү тикмечилерге буюртма берип даярдатарын билдирди. Азыркы тапта бир гана жеңил өнөр жайындагы кийим тиге турган цехтерде  300 миң жумуш орду түзүлгөн. Бул авангарддык тармак, - деди эл өкүлү.

Турмуш – тиричиликтеги колдонула турган үй буюмдарынан колго жасалган килем менен шырдакка да басым жасаарын кошумчалаган депутат, - жергиликтүү ишкерлерди колдоонун жөнөкөй элементи ар бир жарандын ата мекендик өндүрүшчүлөргө жардамдашуусунан көз каранды, - дейт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-kijim-tigch-cehterde-300-mi-zhumush-ordu-tzlgn



Добавить комментарий