Кыргызстандагы аэропорттор тышкы башкарууга берилет

5 февраль 2020 16:57 932 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет. Мындай пикирин премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Өкмөт башчы учурда аэропорттордун мындан ары өнүгүүсүнүн моделинин үстүндө иштеп жаткан Эл аралык финансы корпорациясы 2019-жылы тандалганын белгиледи. Бул иштер кайтарымсыз шартта эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. 

«Аэропорттордун өнүгүү моделинде инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт. Бул модель Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, андан кийин, тышкы башкарууга бериле турган компания тандалат. Муну менен аэропорттор менчиктештирилбейт. Бул эл аралык тажрыйба», - деди Абылгазиев.

Депутат Каныбек Иманалиев да чындап эле мындай тажрыйба көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде бар экенин кошумчалап, аэропорт жеке компанияга башкарууга гана берилерин, ал эми саясатын жүргүзүү өкмөттүн колунда болорун айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-aeroporttor-tyshky-bashkaruuga-berilet



Добавить комментарий