Кыргызстанда жыл башынан бери 187 ала качуу фактысы катталды

19 октябрь 2021 11:57 1701 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 9 айда кыз ала качуу боюнча 187 факты катталды, бул аракетке баргандар Кылмыш кодексинин 175-беренеси (никелешүү максатында жеке тарапты ала качуу) менен жазаланат.  Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда болгон брифингде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дуйшеналиев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Аталган фактылардын ичинен 8 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 14 адам айыпталууда. 177 факты боюнча иш кылмыштын жоктугунан улам токтотулду. 2 факты боюнча иликтөө жүрүп жатат.

176-берене-никеге турууга мажбурлоо фактысы боюнча 19 учур катталды. Анын 17си кылмыш курамынан жоктугунан токтотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhyl-bashynan-beri-187-ala-kachuu-faktysy-kattaldy



Добавить комментарий