Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

12 август 2021 13:29 2055 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койгонун “Барометр” билдирет.

Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдайдан улам болгонун министрлер кабинетинен кабарлашты.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын жаңылоодо коомдук саламаттыкты сактоо, окутуунун бул форматынын тобокелдиктери менен артыкчылыктары эске алынганын билдирди.

Азыркы учурда билим берүү мекемелеринде 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. 12-августка карата вакцинанын 1-дозасын 56 миң 114 кызматкер алган, бул 36,7 пайызды түзөт.

Жамаааттык иммунитетти түзүш үчүн кызматкерлердин 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhay-okuu-zhyly-15-sentyabrda-bashtalat



Добавить комментарий