Кыргызстанда жашыруун террористтик уюм түзмөк болгон жаран кармалды

26 апрель 2019 13:26 863 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык террористтик уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү тапшырмасын ишке ашыруу максатында Кыргызстанга кайтып келген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде УКМК чет элдик шериктештер менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) пландарына бөгөт коюу жана аныктоо боюнчажүргүзгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында,ЭТУ согушкери, КР жараны «А.А.И.» кармалды.

Такталган боюнча, ал 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-теорроисттик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин ЭТУ лагерлеринде жалданган рекуттардын даярдоо машыктыруучу болгон.

ЭТУ башчыларынын тапшырмасы менен «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү тапшырмасын ишке ашыруу максатында КР аймагына келген.

"УКМК органдары тарабынан бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү" боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат жана анын жүрүшүндө кармалган адам жасаган кылмыш иштерин мойнуна алды",- деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда «А.А.И.» КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, УКМК террористтик багыттагы кылмыштарды жасаса, же болбосо таратууга аракеттенсе, мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

 

  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhashyruun-terroristtik-uyum-tzmk-bolgon-zharan-karmaldy



Добавить комментарий