Кыргызстанда 1 408 бейтап гемодиализге муктаж

16 июль 2020 17:48 732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Гемодиализдик кызматтар 220 жеке жана 4 мамлекеттик ооруканаларда көрсөтүлөт. Бул тууралуу ММК фондуна шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары А.Калыковдун маалыматы боюнча 2020-жылга гемодиализ кызматтарын төлөөгө 682,7 млн сом каралган.

"Гемодиализдик кызматтар 220 жеке жана 4 мамлекеттик ооруканаларда көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө ММК Фондунун маалымат базасында 1 408 оорулуу катталып, кызмат көрсөтүүлөрдү алышат, алар жыл башынан тартып 90,7 миң сеанс алышты. Гемодиализ борборлоруна көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн 426,4 млн сом төлөнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылы КРнын өкмөтү Саламаттыкты сактоо министрлигинде кезекте турган 174 бейтапты бюджеттик гемодиализ менен камсыздоо үчүн фондго кошумча 75 млн сом бөлдү. Ушундан улам 17-июнда бул бейтаптар жеңилдетилген бюджеттик гемодиализге которулуп, медициналык кызматтарды акысыз алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhalpy-1408-bejtap-gemodializ-kyzmatyn-alat



Добавить комментарий