Кыргызстанда учурда дарыгерлер үчүн жеке коргоочу канча каражат бар. Алар эмнеден турат?

13 апрель 2020 18:34 809 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күнү коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге коргоочу каражаттар жетиштүү. Айрым каражаттар көп санда камдалганын республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда төмөнкү коргоочу каражаттар бар:

Бир жолку коргоочу костюмдар – 16 388

Көп жолку коргоочу костюмдар – 13 060

Беткаптар – 792 836

Бахилалар – 410 692

Көз айнектер – 6 579

Колкаптар - 6 259 603

Респираторлор - 41 611

Медицина кызматкерлерин жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу маселеси Республикалык штабынын көзөмөлүндө турат. Аймактар боюнча жооптуу жетекчилер жер-жерлерде иштеп жатат.

Эске салсак, 13-апрелге карата алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 79 дарыгерге коронавирус жуккан. Ал эми аталган илдет 419 кишиден тастыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-uchurda-darygerler-chn-zheke-korgoochu-kancha-karazhat-bar-alar-emneden-turat



Добавить комментарий