Кыргызстанда Twitter жана Facebook көп колдонулат
Дүйнөдөгү эң популярдуу социалдык тармак - бул Facebook. Аны колдонгондор 69,8% түзөт. Бул тууралуу Statcounter Global Stats берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Андан кийинки катарда Pinterest 11,9%, Twitter 9,5%, YouTube 4,9% жана Instagram 2,6% ээлейт.
“Ал эми Кыргызстанда Twitter жана Facebook лидерлердин катарына кирет. Андан кийин Pinterest, YouTube жана Instagram баракчаларын колдонушат. Ошол эле учурда, Pinterest (33,52%), YouTube (28,18), Twitter (17,17%) компьютерлер жана ноутбуктар аркылуу көбүрөөк колдонулат”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстандандын калкынын саны 2019-жылдын статсистикасына ылайык 6, 457 миллион. Анын ичинен 3 миллиондон ашыгы соцтармакты колдонушат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-twitter-zhana-facebook-kp-koldonulat
Добавить комментарий ×