Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Бөлүшүү:
Бүгүн 10-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өлкөдө 12-13-август күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн. 12-13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-turuksuz-aba-yrajy-ktlt
Добавить комментарий ×