Кыргызстанда шайлоо босогосун төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

29 октябрь 2019 15:37 1268 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 29-ноябрда Кыргызстанда шайлоо босогосун төмөндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда президентти жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоору сунушталган. Бул маалымат парламенттин сайтында жарыяланды.

Мыйзам долбоордун демилгечилери Жогорку кеңештин депутаттары, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, Исхак Масалиев жана Дастан Бекешев.

Коомдук талкуунун убактысы бир айга созулат. Анда шайлоо босогосун азыркы 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүү сунушталууда.

 Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болсо. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн.  Ал эми 2017-жылы 9 пайыздан кем эмес добушка ээ болуу керек деп ѳзгѳртүлгѳн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-shajloo-bosogosun-tmndt-zhnndg-myjzam-dolbooru-koomduk-talkuuda



Добавить комментарий