Кыргызстанда паспорттун баасы арзандады

26 март 2019 21:03 2831 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда паспорттун баасы арзандады. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты. 

12-марттан тартып Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги паспорттун жаңы баасын бекитти.

Документтин баасы мурдагыдай эле документтештирүүнүн мотивинен, мөөнөтүнөн жана төлөм төгүлгөндөгү банк комиссиясын өлчөмүнөн көз каранды болот.   

Буга чейин ID-картаны алмаштыруу 290 сом болсо, эми анын баасы 260 сомго дейре төмөндөдү. Чет өлкө паспортунун баасы 590 сомдон 530 сомго дейре арзандады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-pasporttun-baasy-arzandady



Добавить комментарий