Кыргызстанда коронавирусту аныктай турчу тест-системасы жетиштүү
Бөлүшүү:
Кыргызстанда коронавирус аныктай турчу тест-системалар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, тест-вирустар негизинен Россиядан алынып келүүдө.
“Андан сырткары Германиядан алдык. Россиядан дагы алганы жатабыз. Кытай дагы бергени жатат. Негизинен гумантардик линиялар менен келип жатат”, — деди министр.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны алты киши болду.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustu-anyktaj-turchu-test-sistemasy-zhetisht
Добавить комментарий ×