Кыргызстанда коронавирустан улам окуучуларды тезинен каникулга таратуу сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков дүйнөнү каптаган коронавирустан улам бир катар мамлекеттер колдон келген аракеттерди көрүп жатканын айтты.
Андыктан Кыргызстанда дагы оорунун алдын алып, анын жайылуусуна жол бербөө үчүн окуучулар менен студенттерди тезинен каникулга таратууна сунуштады.
«Дүйнө жүзү коронавирустка каршы бардык чараларды көрүп жатат. Мисалы АКШ Европадан болгон бардык авиакаттамдарды токтотту. Андыктан мен дагы өкмөткө дагы катуурак иштөөнүн сунуштайт элем. Албетте өкмөт дагы аракеттерди көрүп жатат. Мен окуучулар менен студенттерди тезинен каникулга кетирип, окууну жайкы мезгилге жылдырууну сунуштайт элем”, — деди ал.
Турусбеков андан сырткары той-топурларды токтото турууну суранды. Себеби, кыргызда той бергенде 500 киши келе турганын, алардын бары өбүшүп, кучакташып учураша тургандыктан вирус жугуп кетүү коркунучу жогору экенин билдирди.
“Той-топурларды дагы токтото турууну сунуштайм. Себеби бизге 500 киши тойго келет, учурушып өбүшүп кучакташышат. Мен элден жана бизнес кылгандардан кечирим сурайм, себеби элдин ден соолугу биринчи орунда турушу керек”, — деди ал.
Депутат Тазабек Икрамов дагы окуучулар менен студенттерди 15-марттан 15-апрелге чейин каникулга кетирүү керектигин айтты.
Добавить комментарий ×