Кыргызстанда коронавирустан улам окуучуларды тезинен каникулга таратуу сунушталды

12 марта 2020 10:21 5213 10 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков дүйнөнү каптаган коронавирустан улам бир катар мамлекеттер колдон келген аракеттерди көрүп жатканын айтты.

Андыктан Кыргызстанда дагы оорунун алдын алып, анын жайылуусуна жол бербөө үчүн окуучулар менен студенттерди тезинен каникулга таратууна сунуштады.

«Дүйнө жүзү коронавирустка каршы бардык чараларды көрүп жатат. Мисалы АКШ Европадан болгон бардык авиакаттамдарды токтотту. Андыктан мен дагы өкмөткө дагы катуурак иштөөнүн сунуштайт элем. Албетте өкмөт дагы аракеттерди көрүп жатат. Мен окуучулар менен студенттерди тезинен каникулга кетирип, окууну жайкы мезгилге жылдырууну сунуштайт элем”, — деди ал.

Турусбеков андан сырткары той-топурларды токтото турууну суранды. Себеби, кыргызда той бергенде 500 киши келе турганын, алардын бары өбүшүп, кучакташып учураша тургандыктан вирус жугуп кетүү коркунучу жогору экенин билдирди.

“Той-топурларды дагы токтото турууну сунуштайм. Себеби бизге 500 киши тойго келет, учурушып өбүшүп кучакташышат. Мен элден жана бизнес кылгандардан кечирим сурайм, себеби элдин ден соолугу биринчи орунда турушу керек”, — деди ал.

Депутат Тазабек Икрамов дагы окуучулар менен студенттерди 15-марттан 15-апрелге чейин каникулга кетирүү керектигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-ulam-okuuchulardy-tezinen-kanikulga-taratuu-sunushtaldy



Добавить комментарий

  • Перизат 5 лет назад
    Туура.Ооба .ар бир ата эне кооптонуп турган учуру.студенттер тарасын.
  • Майрамгул 5 лет назад
    Туура.
  • Мен да кошулам,окмот катуу чара коруп окуучулар мн студенттерди каникулга чыгарыш керек. Озубузго этият бололу.
  • Бакытбек 5 лет назад
    Бул сунуштар туура. Бирок азыр Кыргызстанга келип аткан кытай жарандарын кандай кыласынар ? Америк жана европа авиа каттамдарды жаап чон масштабтагы чараларды коруп атканда Кайындыда жана Жумгалда кытай жарандары келип жатат.Биринчиден ушул жагын караш керек эле
  • Колдош керек.Прафилактика учун.Адамдын омуру жана ден соолугу бийик туруш керек
  • Тойлор эле эмес,кундо эле чайхана,кафелерде 500дон ашуун киши келип кетет,аларды да жабуу керек. Алынар жетеби? Чайхана кафелердин ээлери бут ЖК да олтурат,жок дегенде эле туугандары. Акча дегенде олуп баратабыз,кана эми жаап алдына алсанар.
  • Кайра жайында окушат да, таратпай эле койсун
  • Кайра жайында окушат да, таратпай эле койсун
  • Аллахыбыз анын бетин ары кылсын Бул дуйно жузуно сыноо Тарабай эле окуй берсек болмок
  • Туура Менда кошулам