Кыргызстанда коронавирустан эки киши өлдү деп тараган маалымат боюнча расмий түшүндүрмө берилди

25 март 2020 18:39 3649 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол берөө боюнча республикалык штабы интернетте “Кыргызстанда коронавирустан 2 адам каза тапты” деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Эскерте кетсек, бир катар социалдык тармактар менен мессенджерлерде ушундай маалыматтар тараган болчу.

Өз кезегинде УКМК менен ИИМ жалган маалымат таратып, элдин тынчтыгын бузгандар мыйзам алдында жооп бере турганын эскертет. Ошол эле маалда укук коргоо органдары жалган маалымат тараткандарды четинен аныктап таап жатат. Эми алардын кылган иш-аракетине юридикалык баа берилип, алар кандай жазага тартыла турганы да белгиленет.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 44 кишиге жукканы расмий тастыкталды. Алардын ичинен бир жаран реанимацияга түшкөн болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-eki-kishi-ld-dep-taragan-maalymat-boyuncha-rasmij-tshndrm-berildi



Добавить комментарий