Кыргызстанда коронавирус жуккандардын санын жашырып жатышабы? Расмий жооп
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында “коронавирус жуккандардын чыныгы санын жашырып жатышабы” деген суроого мындай жооп кайтарды.
“Коронавирус жукканын аныкташ үчүн сөзсүз түрдө лаборториялык анализ жүргүзүлүшү керек. Ал бир жолу эмес, муктаждыгына жараша 2-3 жолудан анализ алынат. Биз дарыгерлер өзүбүздүн ишибизди кылып жатабыз. Андыктан коронавирус жуккандар боюнча маалыматты жашырууга таптакыр мүмкүн эмес”, — деди Акматова.
Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 44 кишиден коронавирус табылып, алардын алтоосу реанимацияда экенин кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sanyn-zhasharyp-zhatyshaby-rasmij-zhoop
Добавить комментарий ×