Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 111 кишиге жетти

1 апрель 2020 12:41 1712 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Ошентип жалпы коронавирус тастыкталгандар 111 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.

Жаңы аныкталган учурлар төмөнкү аймактардан табылган.

 Жалал-Абад шаары – 1

Сузак району – 1

Кара-көл ш. – 1

Чүй облусу – 1

"Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен бири сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - деди Мамбетов.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sany-111-kishige-zhetti



Добавить комментарий